Ош шаарына орнотулуучу гүл саатка акча жетпей жатат
Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдына орнотулуучу гүл саатка акча жетишпей иш токтоп турат. Бул тууралуу 11-январда мэриянын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев билдирди.
"2013-жылдын күз айларында Ош шаарына гүл саат орнотуу демилгеси көтөрүлгөн. Уюштуруучулардын айтымында, сааттын наркы 640 миң сомго бааланган. 400 миң сом демөөрчүлөр берип, саатты жасатуу үчүн Санкт-Петербург шаарындагы завод менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Саатты орнотуу үчүн калаада атайын марафон да уюштурулду. Бирок бүгүнкү күнгө чейин каражаттын жетишсиздигинен орнотуу иши баштала элек",- деди Жунусбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
1

