Намангандагы велоспорт мелдешинде кыргызстандык команда медаль утту
Наманган шаарында өтүп жаткан "Silk Way Namangan" аттуу велоспорт мелдешинин биринчи күнүндө кыргызстандык велоспортчулар байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан чыккан TOPVELO-ART командасы 1 чакырымдык командалык спринт (Team Sprint) түрүндө финалга чыгып, алтын медаль үчүн Казакстандын велоспортчулары менен ат салышты.
Жыйынтыктоочу айлампада спортчуларыбыз болгону 50 миллисекунд айырма менен экинчи орунду ээлешти.
Жыйынтык төмөнкүдөй болду:
- 1-орун — 1 мүнөт 1 секунд 750 миллисекунд – Казакстандын Олимпиадалык даярдык борбору
- 2-орун — 1 мүнөт 1 секунд 800 миллисекунд – Кыргызстандын TOPVELO-ART командасы
- 3-орун — 1 мүнөт 4 секунд 145 миллисекунд – Казакстандын улуттук курама командасы.
велоспорт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.