Жалал-Абад облусунда ипотекалык үйлөрдүн 879 батири ээлерине тапшырылды

Бүгүн Жалал-Абад облусунда ипотекалык үйлөрдүн 879 батири ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, бул – Кыргызстандын ипотекалык саясаты үчүн тарыхый кадам. Анткени буга чейин 2147 батир Бишкек шаарында тапшырылган болсо, региондордо мындай масштабдагы үй берүү биринчи жолу жүзөгө ашырылды.
Бул турак жайлар курулган жер тилкелери буга чейин жеке адамдардын, уюшкан топтордун жана мурдагы мыйзамсыз менчик ээлеринин колунда болгон. Президенттин тапшырмасы менен жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин түз кийлигишүүсү жана көзөмөлү алдында бул жерлер мамлекетке кайтарылып берилгенин кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 60 миңден ашык ипотекалык батирлердин курулушу жүрүп жатат. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда эле 11 204 батир курулууда", - деди ал.
Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөр
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.