super.kg logo

Путин Стамбулга барышы мүмкүнбү? Басма сөз катчысы жооп берди 

 

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмаларга маек берип, Владимир Путиндин Түркиядагы сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

"Путиндин Стамбулга баруу мүмкүнчүлүгү барбы?" деген суроого "Жок, барбайт" деп жооп берген ал.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 15-майда Түркиянын Стамбул шаарында Орусия менен Украинанын тынчтык сүйлөшүүсү боло турганы күтүлүүдө.

Бул арада Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарага учуп барды.

Эске салсак, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле. Бирок Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен Стамбулда сүйлөшүүгө токтоосуз макул болууга чакырып, билдирүү кылган. Аталган билдирүүдөн кийин Зеленский Стамбулда Путинди күтөөрүн айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: