super.kg logo

Трампты БАЭде "Халижи" аттуу чач бийин аткарган кыздар тосуп алышты (видео)

 

Интернетте АКШнын президенти Дональд Трамптын Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапарында аны ак көйнөкчөн кыздар узун чачтары менен бийлеп тосуп алышканы тартылган видео талкууланууда.

Видеодон Трамп баштарын чайкап кызыктай кыймылдарды жасаган ак көйнөкчөн кыздардын ортосунан өткөнүн көрүүгө болот. Кыздар чыгыш музыкасынын ыргагына жараша эч кандай ырдабастан, болгону бийди токтоолук менен аткарышкан. Алардын артында кылыч менен ардактуу кароол да турат.

Бул кандай бий?

Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда, бул бий - көптөгөн араб өлкөлөрүндө популярдуу болгон "Халижи" деген аталыштагы салттуу бий болуп саналат. Андагы кыймылдардын көбү чачтын сулуулугун көрсөтүүгө багытталган. Чач бийи атайын конокторду кабыл алуу учурунда, алтургай ар кандай салтанат, тойлордо да аткарылат.

Белгилей кетсек, 15-майда Трамп Жакынкы Чыгышка болгон сапарынын алкагында БАЭге иш сапары менен барды.






15.05.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: