Жалал-Абадда кайрымдуулук максатында уюштурулган көк бөрү оюнунан 400 миң сомго жакын акча каражаты чогулду
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Телтору» ат майданында кайрымдуулук максатында уюштурулган көк бөрү оюнунун жыйынтыгында 400 миң сомго жакын акча каражаты чогулган. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кайрымдуулук марафонуна облустун эли активдүү катышты. Атайын коюлган урнага мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аксакалдары, жаштары өз чөнтөктөрүнөн акчалай жардам салышты. Айрымдар эмеректерди жана кыш мезгилинде жылытуу үчүн отун алып келишкен.
"Чогулган каражат карылар үйлөрүнө жана балдар үйлөрүнө берилет" деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

