super.kg logo
  Саясат  

Баткендеги Ак-Сай-Көк-Таш жолунун курулушу уланууда

 

Баткендеги Ак-Сай -Көк-Таш жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу  бүгүн, 13-январда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 9 чакырым 200 метр. Жолдун 4 чакырымы буга чейин тегизделген. Жол бүтсө, Ак-Сай айылынын тургундары облустун борбору Баткен шаарына Тажикстанга кирбей эле каттай алышат. Ал эми жол куруучулардын коопсуздугун сактоо үчүн куралдуу күч кызматкерлери тартылган.

Белгилей кетсек, аталган жолдун курулушу 2013-жылдын 17-декабрынан 18ине караган түнү Баткен районунун Ак-Сай айылында болгон Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыккан жаңжалдан кийин кайрадан жандандырылган.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: