super.kg logo

Румынияда президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты

 

Румыниядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Бухаресттин мэри Никушор Дан жеңишке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянып чет элдик басылмалар жазышты.

Румыниянын БШКсынын маалыматына ылайык, саясатчыны шайлоочулардын 53,6 пайызы колдоду.

Дандын атаандашы, оппозициялык “Румындарды бириктирүү альянсы” (AUR) партиясынын башчысы Жорж Сиион 46,40 пайыз добушка ээ болду жана жеңилгенин моюнга алып, атаандашын жеңиши менен куттуктады.

Белгилей кетсек, жекшембиде Румынияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Биринчи тур 4-майда өтүп, анда Симион 40 пайыз, Дан 20 пайыз добушка ээ болгон.

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Румынияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өткөн. Анын лидери көз карандысыз талапкер Калин Жоржеску болгон. 6-декабрда өлкөнүн Конституциялык соту одоно мыйзам бузуулар катталды деген жүйө менен добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: