Ысык-Атада сарайдан чыккан өрттөн жаш бала жабыркап, мал-жандыктар тирүүлөй күйүп кетти




Бүгүн, 20-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Будёнов айылында сарайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, тилсиз жоонун кесепетинен 3 жаштагы Б.Р. аттуу жаш бала жабыркаган, учурда анын абалы туруктуу. Ошондой эле 1000 түп чөп, 1 жылкы, бир нече бука тирүүлөй күйүп кетти.
Кошумчалангандай, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзгөн, учурда материалдык чыгымдар жана өрттүн себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.