Спикер парламент жыйынында ыр айтып, жаштарды армияга барууга үндөдү (видео)
Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу акын Райкан Шүкүрбековдун ырын айтып, жаштарды армияда кызмат өтөөгө чакырды.
"Армияга барбаса,
Окуп билим албаса.
Ал бала жөн эле,
Илинип турган колбаса" деген. Жигиттер сөзсүз армияга барышы керек. Армиянын өзүнүн тартиби, эрежеси бар. Ал жакта анча-мынча какыс-кукус болот. Анын баарына ызылдай берген болбойт. Албетте, чектен ашкан учурларда күнөөлүүлөр жазага тартылышат", - деди ал.
Жогорку Кеңеш 21.05.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

