super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу

 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу КРнын  Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, эки тараптык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүү пландалууда. 

12-январда ооруканага жеткирилген аскерлердин ден соолугу жакшы жана аларга чек ара мекемелеринин дарыгерлери тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. 

Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен.

Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, алардын ичинен бири оор жаракат алган. Аларга Баткен облустук оорукананын хирургия бөлүмүндө операция жасалды. Учурда 3 чек арачы Бишкекке дарылоого алынып келинди.
Учурда Баткенде кырдаал туруктуу. Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: