Күйөрмандары чогуу көргөнүнө кубанып... Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген биргеликте видео тартышты (видео)
Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков менен анын мурдагы жубайы, блогер Мээрим Төлөпберген бирге видео тартышты. Мындай видеону блогер айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча, 23-майда Бишкек Аренада Мирбек Атабековдун жыйынтыктоочу концерти өтөт. Акыркы билеттер сатылууда", - деп билдирүү калтырган Мээрим Төлөпберген.
Ошондой эле ал Мирбек Атабековго видеого түшүүгө макул болуп, тартылып бергени үчүн ыраазычылык билдирип өткөн.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары аларды чогуу көргөнүнө кубанычта экенин билдирип, бакыт каалашууда.
Белгилей кетсек, Мирбек Атабеков май айында 12 күнгө созулган жеке концерт берген болчу.
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген чогуу видео тартышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.