super.kg logo

"Жомоктуу көл" циркинде маймыл, крокодил, тоту куштар балдарга өз өнөрлөрүн көрсөтүштү (фоторепортаж)

 
Цирк артисттери бирде көпөлөккө, бирде жомоктордун каармандарына айланып өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Цирктин жүршүнөн.
Циркте Аяз ата менен Аяз кыз да катышты.
Сахна түстү жарык берүүчү эффекттер менен кооздолуптур.
Түркүн түстөгү тоту куштар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө.
Түркүн түстөгү тоту куштар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө.
"Даңк мүнөтү" сынагынын финалисттери 110 килограммдык устундар көтөрүп ар кандай трюктарды жасашты.
"Даңк мүнөтү" сынагынын финалисттери 110 килограммдык устундар көтөрүп ар кандай трюктарды жасашты.
Цирк артисттери суу ичинде бийлешүүдө.
Цирктин жүрүшүнөн.
Цирктин аренасы дал ушундай "көлгө" айланыптыр.
Жаш кыз бийиктикте аркан менен өз өнөр тартуулоодо.
Тоту куштар өз талантын балдарга көрсөтүүдө.
Циркте маймылдын бир нече түрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Тоту куштар өз талантын балдарга көрсөтүүдө.
Циркте маймылдын бир нече түрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Шоу-программада крокодилдердин өнөрүнө да күбө болдук.

Кыргыз мамлекеттик циркинде 28-декабрдан бери Москванын Никулин атындагы цирки “Жомоктуу көл” аталышындагы шоу-программасын көрсөтүшүүдө. 11-январда биз да алардын өнөрлөрүнө күбө болуп кайттык. Аталган шоу-программанын дээрлик көп бөлүгү суу ичинде көрсөтүлдү. Ал үчүн цирктин аренасы атайын көлгө айландырылып жасалып, тегереги фонтандар жана түркүн түстөгү жарыктар менен кооздолуптур.

Шоу-программада кооз кийимдерди кийген маймылдын түрлөрү, каздар, тоту куштар, деңиз мышыктары, крокодилдер, морждор, еноттор ар кандай өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар менен катар “Даңк мүнөтү” телеберүүсүнүн финалчылары болгон балбандар салмагы 110 килограммдык устундарды көтөрүп бири-бирине ыргытып, балдардын жана чоңдордун кол чабуусуна арзышты. Албетте, бети-башын боёгон маскарапоздордун сахнадагы жана зал ичин аралап аткарган өнөрлөрү көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбады.

Москва циркинин администратору Юлия: "Кыргызстанга биринчи жолу келип жатабыз. Биринчиден, өлкөнүн климаты, жаратылышы абдан жакты. Эли да меймандос, сылык келет экен. Аябай жылуу кабыл алышууда. Шоу-программабыз көрүүчүлөргө жагып жатса керек деп ойлойм. Анткени кол чаап кубаттап көрүшүүдө",- деп билдирди.

Көрүүчүлөр антракт учурунда кайык менен "көлдө" сейилдеп, балбандар, жаныбарлар менен сүрөткө түшүштү. Албетте, бекер эмес. Алсак, балбандар менен сүрөткө түшүү 600 сом болсо, кайык менен сейилдөө 150 сомго бааланды.






Экзотикалык жаныбарлардан оюн-зоок

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
14.01.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болуптур.
SUPER.KG видео
14.01.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш жаныбарлар деле тамак үчүн баарын кылышат. Циркке бир да жолу барып көргөн эмесмин. Аябай көргүм келет, буюрса, барыш керек.
SUPER.KG видео
14.01.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы искусство , эмгек , позитивдуу шоу экен .
SUPER.KG видео
14.01.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Циркке 6-класста барган элем, корбогонумо коп болду, бирок Циркке жана концертке тамактанып алып баргылачы, ал жер тамактануучу жер эмес, эс алып, чер жазып келуучу коомдук жайлардагы маданияттын корсоткучу!!!
SUPER.KG видео
15.01.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иееей байкуштар десее))) дриссировшиктердин ою менен болуп божуроооп аткарып журушконун
SUPER.KG видео
15.01.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо аябай соонун болгон гоо))
Кол чаап колдоп коюшса деле болмок биздикилер , тырмактарын оголобой(((
SUPER.KG видео
15.01.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сонун го. Циркке данным келип кетти
SUPER.KG видео
15.01.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
абдан соонун болуптур, чон эле аялдар балттандатып тамак жеген жаман корунот экен кыргыздар ушунунарды качан коесунар эки саатта жыгылып деле калмак эмессинер да балдарды да ошого кондуруш керек.мындан кийин мындай кылбагылачы суранам.
SUPER.KG видео
16.01.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да да отлично
SUPER.KG видео
21.01.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барып келиш керек экен ))) 26 на чейин болсо.
SUPER.KG видео
21.01.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да баргым келип кетти сонун экен ээээ
SUPER.KG видео
22.01.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: