super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор Аида Салянова менен Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков бир ооруканада дарыланышууда

 
Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Ахматбек Келдибеков
КРнын башкы прокурору Аида Салянова

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Ахматбек Келдибеков Бишкек шаарындагы №4-ооруканада жаткандыгы белгилүү болду. Социалдык тармактар УКМКнын тергөө абагына 19-январга чейин камалган эл өкүлү бүгүн,13-январда бутунан операция боло тургандыгын жазып чыгышкан эле. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, Ахматбек Келдибеков бөйрөгү ооруганына байланыштуу дарыланып жатат. 

“Депутат Ахматбек Келдибеков “бөйрөгүндө таш бар” деген аныктаманын негизинде буга чейин да дарыланып жүргөн. Бул да адаттагы эле дарылануусу, ага операция жасалбайт”,- деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Ахматбек Келдибеков Социалдык фондду, кийинчерээк Жогорку Кеңешти башкарып турганда мамлекеттин казынасына зыян келтирген деген айып менен УКМКнын тергөө абагына 2013-жылдын 20-ноябрында камалган эле.

Белгилей кетсек, лыжа тебүү учурунда кырсыктап калган башкы прокурор Аида Салянова да ушул ооруканага түшкөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: