Өзгөндө 6 жылдан бери күйөөсүнөн кордук көрүп келген аял үн катты (видео)
Өзгөндө 6 жылдан бери күйөөсүнөн кордук көрүп келген аял үн катты. Социалдык тармактарга анын видеосу тарады.
"Күйөөм менен жашаганыма 6 жыл болду, 6 жылдан бери кордук көрүп келе жатам. Уруштун баары майда-чүйдө нерселерден чыгат. Минтип көк ала кылып салды, мурдум сынган, башымды көтөрсөм ооруйт. Ата-энем жок, өтүп кеткен. Бир эле иним бар, ага да көп айта бербейм. Бара турган жерим жок, батирде жашайм. Батирден да чыгарышат жакында. 2 балам бар, кыргыз элимден жардам сурайм", - деди ал.
Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөн районунда күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынган келинге коргоо ордери берилгенин маалымдаган.
30,05,25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.