КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева туулган күнүн белгиледи (фоторепортаж)
Ырчынын айтымында, анын туулган күнүнө көп ырчылар келип, алардын айрымдары шашылыш куттуктап коюп кетишти. Роза Аманова күндүн каарманына ала келген белегин тапшырууда.


Ырчынын айтымында, анын туулган күнүнө көп ырчылар келип, алардын айрымдары шашылыш куттуктап коюп кетишти. Роза Аманова күндүн каарманына ала келген белегин тапшырууда.

Акыркы кезде Айчүрөк Иманалиева менен дуэт аткарып жүргөн Курал Чокоев да чыгармачылыктагы эжесин куттуктап, ыр арнады.

Кайгылуу ырларды ийине жеткире аткарган Сыймык Бейшекеев сахналашына кайгылуу окуя айтып берип жаткан сыяктуу...

Турусбек Жумалиев адаттагысындай микрофон менен табышып, Айчүрөк айымга каалоо-тилек айтып жатат.

Ырчы Ислам Акматов менен.

Ырчынын айтымында, анын туулган күнүнө көп ырчылар келди. Алардын айрымдары шашылыш түрдө куттуктап кетип жатышты.


Бул күнү Айчүрөк айым 46 жаш курагын белгиледи. Ал эми уулу Арлен 15 жашка, кызы Аэлита 8 жашка чыгышты.

Ырчыны куттуктап келгендердин катарында белгилүү көз боёмочу Адил Кайыпов да болду.

Айчүрөк айым менен чыгармачылыктын казанында чогуу кайнап жүргөн өнөр адамдары. Солдон оңго: Турусбек Жумалиев, Гүлзат Байзакова, Айчүрөк Иманалиева, Роза Аманова жана Салима Балтаева.

Бийчилер жолукса бий, ырчылар жолукса ыр тууралуу сөз болот эмеспи. Ырчы айым сахналаш достору менен ыр аткарууда.

Ырчыны куттуктап келген коноктор эстеликке сүрөткө түшүштү.
Кечээ, 12-январда КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 46 жаш курагын белгиледи. Ушул эле күнү ырчынын уулу Арлен 15 жашка, ал эми кызы Аэлита 8ге толду. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, туулган күнгө арналган чакан салтанатка анын сахналаш достору, жакындары келишти.
“Туулган күн үй-бүлөлүк майрам болгондуктан, жылына үй-бүлөбүз менен тособуз. Биз дайыма катышып жүргөн 6 үй-бүлө 12-январда салттуу түрдө чогулду. Андан тышкары сахналаш досторум келип, куттуктап кетишти”,- дейт ырчы. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

3 күндөн БАН!
Бугун сенин ааламга келген кунун.
Жашоодо эн бактылуу омур сургун,
Жакындарындын бактына аман жургун.
Туулган кунунуз кут болсун! Алла берген омурдо бактылуу жашап отунуз.