super.kg logo
  Саясат  

Баткен шаарында кыргыз-тажик жолугушуусу жабык эшик артында өтүүдө

 

Бүгүн, 13-январда Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын орун басары Искендер Мамбеталиев Тажикстан тарап менен жолугушуу өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Баткен облусунун губернаторунун басма сөз кызматчысы Мамажан Бердишев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, жолугушууга Тажикстандын Ички иштер министринин орунбасары Искандар Ражабов, Согди облусунун башчысынын орун басары Ражабали Рахмонали жана Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Жумабай Сангинов катышууда.  Иш-чарада 11-январда Баткен облусунун Ак-Сай айылында болгон чек ара чатагы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Жолугушуу жабык эшик артында өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: