Чүй проспектинин бир бөлүгү ачылды
Бүгүн, 2-июнда Чүй проспектинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки түндүк тарабындагы бөлүгү транспорттук каттамдар үчүн ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалым болгондой, оңдоо иштери графиктен үч жума мурда аяктады.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана конокторуна жол иштерине байланыштуу жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
"Тыгындардын алдын алуу максатында шаардыктарга жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонуу сунушталат",- деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.