Ош шаарында шайлоого карата барактар таркатылууда
"Ош шаарында шайлоого карата барактар таркатылып жатат" деген маалыматты тактоо үчүн ШИИББнын басма сөз катчысы Замир Сыдыковго байланышып, маалымат алдык.
"Ооба, барактар 10-январда таркатылыптыр. Анда өзбек депутаттардын жана алардын жашаган жеринин даректери жазылыптыр. Азыркы учурда ким тарабынан таркатылгандыгын тактап жатабыз",- деп билдирди З.Сыдыков.
Эске салсак, шаар мэрин шайлоо күнү 15-январга белгиленген. Мэрликке Айтмамат Кадырбаев жана Мелис Мырзакматов ат салышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

