Ош. “Горсвет” ишканасынын жетекчиси эскертүү алды
Бүгүн, 13-январда Ош шаарынын мэриясында жыйын болуп, анда вице-мэр Ильяс Ражапов “Горсвет” ишканасынын жетекчисине жарык менен камсыз кылууда аткарылбаган иштер үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Ак-Тилек кичи районунда төрт лампочка бир жума мурун күйүп калган. Сиздер болсо аталган көйгөйдү чечүүгө эч кандай чара колдонбодуңуздар",- деди Ильяс Ражапов.
Ошондой эле Ильяс Ражапов жакында мектептерде III чейрек башталып жаткандыгына байланыштуу аларды жетишерлик деңгээлде жылуулук менен камсыздоо үчүн жылуулук түтүктөрүн текшерип чыгуу тапшырмасын да берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

