super.kg logo
  Саясат  

Саитжан Эратов: "Тажик тарап маанилүү объектилерди мээлеп атышты"

 

Тажик чек арачылар стратегиялык маанилүү объектилерди мээлеп атышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда КРнын Чек ара кызматынын чек араларды коргоо боюнча башкаруунун башчысы Саитжан Эратов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, тажик тарап жалпысынан 7 миномёт ок чыгарышты. Алар көпүрө, жаңы жол курулуп жаткан аймак, биздин снайпер жайгашкан жай, суу топтом жана аскерлердин турак жайларына мээленгендиги аныкталды. Азыр ошол миномёттор кайдан келгени териштирилип жатат.

Эскерте кетсек, 11-январда Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: