super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Тургунбек уулу алтын казган “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын иши менен таанышты

 

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач төрага Чаткал районуна барып, Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, асыл металл рудаларын казып алып, байытуу менен алектенген ишканага жалпы 350 миллион доллар инвестиция тартылып, ачылгандан бери 4 жарым тонна алтын өндүрүлгөн. Ал эми быйыл 1,6 тоннадан ашуун алтын өндүрүүнү пландашкан. Учурда 650 киши эмгектенсе, алардын 70 пайызы жергиликтүү тургундар.

“Учурда инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлүп, алардын тоскоолдуксуз иштөөсүнө мамлекет толук кепилдик берүүдө. Башкысы - Кыргызстандын кызыкчылыгы жана өлкөнүн мыйзамдары толук сакталышы керек. Бирок ачылган ишканаларга сөзсүз жергиликтүү тургундар жумушка алынып, алар үчүн атайын окуулар өткөрүлүп, адистердин тажрыйбасын арттыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулушу зарыл”, – деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: