super.kg logo
  Саясат  

Учурда бардык Кыргызстан-Тажикстан көзөмөл өткөрүү бекиттери жабык турат

 
Баткен облусундагы кырдаал туруктуу болмоюнча көзөмөл өткөрүү бекиттери жабык болот. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда КРнын Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев билдирди.
Анын айтымында, чек ара маселе боюнча эки тараптуу бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. Учурда кыргыз-тажик чек ара жаңжалы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазасын тартышат. 
Эске салсак, 11-январда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушуна тажик тарап каршылыгын билдирип, коңшу өлкө чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок атышкан. Ага жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарып, натыйжада Кыргызстандан 6, Тажикстандан 3 чек арачы жарадар болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: