Ай менен кагылышат делген астероиддин ыктымалдуулугу өстү
Американын космостук агенттиги (NASA) жакында табылган 2024 YR астероидинин 2032-жылы Ай менен кагылышуу ыктымалдыгы 4,3 пайызга жогорулаганын маалымдады.
"Жеймс Уэбб телескобунан алынган маалыматтар биздин астероид 2032-жылдын 22-декабрында кайда болору тууралуу билимибизди дээрлик 20 пайызга жакшыртты. Натыйжада астероиддин Ай менен кагылышуу ыктымалдыгы 3,8 пайыздан 4,3 пайызга чейин өстү", - деп айтылат анда.
Эксперттер астероиддин Жерге кулашы мүмкүн экенин белгилешти. Бирок маалыматтарды тактоодон кийин бул ыктымалдык 3,1 пайыздан 0,004 пайызга чейин азайган. Мүмкүн болгон кагылышуудан улам Айдын орбитасы өзгөрбөй турганы да баса белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.