super.kg logo

Кытайда жүздөгөн роботтор миңдеген чарчы метр аянтты ээлеген архитектуралык комплексти жылдырышты (видео)

 

Кытайдын Шанхай шаарында 1920-1930-жылдары курулган тарыхый Хуаяньли комплекси убактылуу көчүрүлдү. Аны ордунан жылдыруу үчүн 432 басуучу робот колдонулду.

Чет элдик басылмалар жазгандай, кыш жана жыгач менен салынган үч имараттан турган комплекстин аянты 4030 чарчы метр жана салмагы 7500 тоннага жакын. Роботтор аталган объектини суткасына болжолдуу 10 метр ылдамдык менен жылдырышкан.

Көчүрүү үч кабаттуу жер астындагы курулушту куруу үчүн зарыл болгон. Ал жерде маданий жана соода объектилери, ошондой эле метро линияларынын ортосундагы өтмөктөр жайгашмакчы. Иш аяктагандан кийин комплексти баштапкы ордуна кайтаруу пландалууда.

Ошентип кытайлыктар шаардык инфраструктураны өнүктүрүү менен бирге тарыхый мурастарды сактоого болгон өзгөчө мамилени көрсөтө алышты.






07.06.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: