Футбол жылдызы Неймар коронавируска чалдыкты
"Сантос" клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар коронавируска чалдыкканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Футболчудан вирустун алгачкы симптомдору 5-майда байкалган. Мындан улам Неймар дароо үйүнө дарыланууга жөнөтүлгөн.
Клуб кечээ, 7-июнда текшерүүдөн соң футболчуда COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталганын маалымдаган. 33 жаштагы чабуулчу белгисиз мөөнөткө чейин машыгууларга жана оюндарга катышпайт. Дарыгерлер анын айыгып кетүү мөөнөтүн так айтыша элек.
Быйылкы сезондо Неймар бардык турнирлерде 14 оюнга катышып, 3 гол жараткан жана 3 голдук пас берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.