Бүгүн Аида Саляновага операция жасалды

Бүгүн, 13-январда башкы прокурор Аида Саляновага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалды. Бул туурасында аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди. Маалыматка караганда, прокурор айымдын эки кабыргасы, акыреги сынган. “Учурда Аида Салянованын абалы жакшы. Жакын арада ооруканадан чыгат. Акыреги сынып кеткен экен. Аны чогултуп, темир менен карматтык”, - деди Сабырбек Жумабеков. Эске сала кетсек, 12-январда прокурор айым лыжа базаларынын биринде өйдөдөн ылдый лыжа тээп келе жатып башка лыжачы менен сүзүшүп кеткен. Анын натыйжасында Салянованын акыреги жана эки кабыргасы сынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

