super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун тизесине операция жасалды

 

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалды. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди. “Ахматбек Келдибековдун тизесине операция жасалды. Эки сөөктүн ортосундагы тизе муундагы кемирчек айрылып кеткен. Айрылган кемирчектерди алып, үзүлгөн тарамыштарды тиктик. Учурда абалы жакшы”,- деди Сабырбек Жумабеков. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы “Депутат Ахматбек Келдибеков “бөйрөгүндө таш бар” деген аныктаманын негизинде буга чейин да дарыланып жүргөн. Бул да адаттагы эле дарылануусу, ага операция жасалбайт” деген маалымат берген. Эске салсак, Ахматбек Келдибеков "Социалдык фондду, кийинчерээк Жогорку Кеңешти башкарып турганда мамлекеттин казынасына зыян келтирген" деген айып менен УКМКнын тергөө абагына 2013-жылдын 20-ноябрында камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: