super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик чек ара кызматы: "Кыргыз-тажик чек арасындагы элди көчүрүүнүн кажети жок"

 

 Бүгүн, 13-январдагы маалымат жыйынында Чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев "Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак алдын ала уюшулган болушу мүмкүн” деп билдирди. 

Ал өз сөзүндө Тажикстандын алдын ала даярдыгы тууралуу так маалымат айта албашын кошумчалап, “Азыр чек арада болгон окуя боюнча тергөө иштери уланууда. Кыргыз тарап эл аралык келишим боюнча, мыйзам чегинде гана иш алып барып жатышты. Азырынча элди башка жакка көчүрүүнүн кажети жок” деди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары жогорудагы чек ара чыр-чатагы алдын ала даярдалып, 2-3 күн мурун тажикстандыктар кичи автобустар менен аялдар менен жаш балдарды көчүрүп кеткендиги тууралуу маалымат жазып чыккан эле.

Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген чек ара кызматынын маалыматын аныктады. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган
Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, тажик тараптан 2 адам жаракат алган.Учурда кыргызстандык 3 чек арачы Бишкекке дарылоого алынып келинди.

Баткенде кырдаал туруктуу жана Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда. Бирок тажик тарап айланып өтчү жолдун курулушуна каршы экенин билдирген. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: