Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жарадар болгон 6 чек арачыга президенттин резервдик фондунан 100 миң сомдон бөлүндү




Бүгүн, 13-январда КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев 11-январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда октон жаракат алган 3 чек арачынын абалы менен таанышышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Данияр Нарымбаев жаракат алган жоокерлер менен баарлашып, бекем ден соолук каалады. Жабыркагандарга ар тараптан жардам көрсөтүлөрүн жана Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын 13-январдагы жарлыгына ылайык президенттин резервдик фондунан 6 чек арачыга 100 миң сомдон бөлүнөрүн билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

