super.kg logo

Данияр Төлөнов Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен жолукту

 

Кечээ, 11-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча институттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга депутаттар Таалайбек Масабиров, Айсаракан Абдибаева, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев да катышты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү тамекинин адамдардын ден соолугуна канчалык зыяндуулугу боюнча презентация жасап, тамекиге акциз салыгын жылына 25 пайызга көтөрүү тууралуу сунушун берди. Уюмдун өкүлдөрү эгер сунуш кабыл алынып, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилсе, алдыдагы 3 жылда тамеки сатуу 17 пайызга, ал эми чылым тартуу 28 пайызга кыскара турганын билдирди.

Адистер чылымдын кесепетинен болгон өлүм да азаят, тагыраагы, 40 миң адамды сактап калууга болот жана бюджетке да каражат түшөт дешет.

Комитет төрагасы Данияр Төлөнов саламаттыкты сактоого байланыштуу сунушту колдой турганын белгилеп, бирок мында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү керектигин кошумчалады.

“Чынында Кыргызстанда тамекинин баасы арзан, жеткиликтүү. Тамекиге болгон акциз салыгы бизде 32 пайызды түзөт же Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берген сунуштан да эки эсе төмөн. Мындан улам, салык саясатын өзгөртүү талап кылынат. Бирок бааны кескин көтөргөндө тобокелчиликтер да бар. ЕАЭБдин аймагында эркин ташылуучу товар болгондуктан, тамеки аткезчилиги күч алып кетиши ыктымал. Андыктан кылдат ойлонуу кажет. Экинчиден, албетте, келечек муун үчүн жакшы, бирок буга чейин тамеки менен спирт ичимдигине көз каранды болуп калгандар бар, алар тамеки, алкоголь канчалык кымбат болбосун акчаны табышат. Мындан улам комплекстүү чара көрүп, дарылоону унутпоо зарыл”,- деди Төлөнов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: