super.kg logo

Орусия Украинага курман болгон 1212 украин аскеринин сөөгүн өткөрүп берди

 

Украинанын согуш туткундарын дарылоо боюнча координациялык штаб Орусия 1212 украин аскеринин сөөгүн кайтарып бергенин билдирди. Алардын көпчүлүгү Курск, Запорожье жана Херсон облустарында курман болгондор. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Комсомольская правда" гезитинин согуштук кабарчысы Александр Коц өз булагына таянып, украин тарап дагы орусиялык 27 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп бергенин билдирди.

Айта кетсек, 2-июнда Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында Орусия Украинага 6 миң аскер кызматкеринин сөөгүн бир тараптуу өткөрүп берүүнү макулдашты. Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский Орусия 7-июндан 9-июнга чейин бул иштерди ишке ашырууга даяр экенин билдирген.

Ал эми 9-июнда Орусия менен Украина 25 жашка чейинки согуш туткундарын, 10-июнда туткунга түшкөн жарадар жоокерлерин алмашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: