super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жарадар болгон чек арачылардын абалы менен таанышышты

 
Бүгүн, 13-январда төрага Асылбек Жээнбеков, депутаттар Жусупали Исаев жана Улукбек Кочкоров 11-январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда октон жаракат алган 3 чек арачынын абалы менен таанышышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 
Эл өкүлдөрү жоокерлердин жакындарына кайрат айтышты. Төрага чек арачылардын тайманбастыгын белгилеп, ыраазычылык айтуу менен бирге мамлекет тарабынан аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлө турганын билдирди. 
Жоокерлерге Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан материалдык жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары Баткен облусунда медициналык жардам алган үч жоокерге – Үсөн Максүтовго, Баатыр Молдошевге жана Адилет Үмөталиевге дагы КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан финансылык жардам бөлүнмөкчү. 
 Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январындагы Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы окуянын натыйжасында КР Мамлекеттик чек ара кызматынын алты жоокери жабыркаган. Алардын үчөөсүн Улуттук госпиталга жана Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: