Лос-Анжелесте “Алтын глобус-2014” киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү
Режиссёр Стив Маккуиндин “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы өткөн жылдын “Мыкты тасмасы” болуп табылды.


Режиссёр Стив Маккуиндин “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы өткөн жылдын “Мыкты тасмасы” болуп табылды.

“Гравитация” тасмасынын режиссёру Альфонсо Куарон “Мыкты режиссёрдук иш” наамы боюнча жеңүүчү аталды.

“Мыкты драмалык актриса” наамы боюнча жеңиш ээси Кейт Бланшетт аталды. Ага бул сыйлык “Жасмин” тасмасында жараткан ролу үчүн берилди.

Актёр Мэттью Макконахи “Далластагы сатуучулар клубу” тасмасындагы ролу үчүн өткөн жылдын “Мыкты актёру” наамын алды.

“Экинчи пландагы мыкты актриса” наамы 23 жаштагы Женнифер Лоуренске тийди.

“Экинчи пландагы мыкты актёр” наамы боюнча жеңиш ээси Жаред Лето болду. Анын “Далластагы сатуучулар клубу” клубундагы жараткан ролу үчүн дал ушул сыйлыкка татыды.

“Комедия жана мюзикл жаатындагы мыкты актёр” наамын Леонардо ди Каприо алды.

“Комедия жана мюзикл жаатындагы мыкты актриса” наамы боюнча жеңиш ээси Эми Адамс аталды.

Кечээ, 12-январда Лос-Анжелесте 71-ирет уюшулган “Алтын глобус” сыйлыгы кино жаатында жана теле тармагындагы эмгектердин ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул күнү бедели боюнча “Оскар” сыйлыгынан кийинки баскычта турган бул сыйлык кино жаатында 15 эмгек ээлерине жана 11 теледеги эмгек ээлерине тапшырылды. Жеңүүчүлөр жүздөгөн чет элдик журналисттердин добушунун негизинде аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.