super.kg logo

Гимндин жаңы редакциясы боюнча республикалык сынак жарыяланды  

 
Өлкөдө мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу кечээ, 13-июнда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, сынак ачык түрдө 2 этапта өткөрүлөт:
– Текстинин долбоорлорун тандоо;
– тандалып алынган тексттердин негизинде музыкасынын жаңы редакциясынын долбоорун тандоо.
Сынакка мурда катышкан жарандар жаңы эмгектери менен катыша алышат. 1-этапта акындар, автордук жамааттар (музыкалык чыгармачылык жамааттар, ошондой эле башка уюмдар – 5 адамдан ашпаган курамда) катыша алышат.
Сыныктын 2-этабына композиторлор, музыканттар, обончулар, автордук жамааттар (музыкалык чыгармачылык жамааттар, студиялар, союздар, ошондой эле башка уюмдар – 5 адамдан ашпаган курамда) сынактын 1-этабында тандалып алынган тексттерге карата жазылган музыкалык чыгармалары менен катышууга мүмкүнчүлүгү бар.
Сынактын 1-этабына катышуу үчүн табыштаманын кагаз жүзүндөгү варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен биргеликте 7-июлга чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт:
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.
Сынактын 1-этабына катышууга табыштаманын электрондук (сканерден өткөрүлгөн) варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 7-июлга чейин gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт.
Ведомстволор аралык комиссия сынакка келип түшкөн чыгармаларды 25-июлга чейин карап чыгып, 5 мыкты эмгекти тандап алат.
Сынактын 2-этабына катышуу үчүн өтүнмөнүн кагаз жүзүндөгү варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен биргеликте 8-сентябрга чейин жогорудагы дарекке жөнөтүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: