Жылнаама. 14-январь: 1994-жылы 20 жыл мурун Жогорку Кеңеште Мамлекеттик герб кабыл алынган

*
1994-жылы (20 жыл мурун) "легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңештин жыйыны Мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоордун тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн.

Сунуш кылынган долбоорлор адегенде атайын уюшулган комиссиялардын элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңештин жыйынында "Нур" урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби катары кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин авторлору Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев экендиги коомчулукка белгилүү болгон.


Жылнаама толугу менен бул жакта...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.