super.kg logo

Улуу Британиянын чалгын кызматынын башчылыгына биринчи жолу аял дайындалды

 

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин макулдугу менен Британиянын тышкы чалгын кызматы MI6нын 116 жылдык тарыхында биринчи жолу аял - 47 жаштагы Блейз Метревели жетекчиликке келди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Метревели буга чейин MI6да технология жана инновациялар боюнча башкы директор кызматын аркалап келген. Ал мурун ички чалгындоо кызматы MI5те да иштеген.

Аталган кызматтын учурдагы башчысы Ричард Мур күзүндө кызматтан кетери айтылды.

Метревели 1999-жылдан бери чалгындоо тармагында иштеп келет, көп жылдар бою Орто Чыгыш жана Европада операциялык тапшырмаларды аткарган. Ал Кембридж университетин аяктаган.

Премьер-министрдин айтымында, Метревелинин дайындалышы абдан маанилүү учурга туура келди. Англия азыр мурда эч качан болбогон коркунучтарга туш болду. Мисалы, душман өлкөлөрдүн чалгынчы кемелери жана киберчабуулдарды жасаган хакерлер коомдук кызматтарга тоскоолдук жаратууга аракет кылууда.

Тышкы иштер министри Дэвид Ламми дагы, бул учурда техниканын ролу күчөп жатканын, жана жаңы жетекчи Британиянын ички жана тышкы коопсуздугун камсыздоодо чоң роль ойной турганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: