super.kg logo

Бостериде акча жана уюлдук телефон тоноого шектүү жарандар кармалышты

 

Бостериде акча жана уюлдук телефон тоноого шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-июнда 1995-жылы туулган Д.Б. аттуу жаран Бостери айылынын "Ярмарка" базарынын алдынан 1500 сом акчасын жана Редми Нот үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз эки жаран күч колдонуп тартып алгандыгы боюнча милиция кызматкерлерине кабарлаган.

Бул факт боюнча ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жана Кайгуул күзөт полкунун кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулушкан К.Б. жана Т.у.Э. аттуу жарандар кармалып, Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Азыркы тапта бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

ЖКККББ жарандарды кылмыштардын алдын алуу үчүн этият болууга жана шектүү жагдайлар жаралса, дароо 102 кызматына жана 0777 102 102 ишеним номуруна кабарлоого чакырат.






16,06,2025

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: