super.kg logo

Үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү үчүн "Элдик Банктан" 3 пайыздан кредит

 

"Элдик Банк" ААК өлкөбүздүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган "Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомникти өнүктүрүү" жаңы жеңилдетилген кредиттик продуктуну ишке ашырууда. Бул программанын алкагында каржылоо жылдык 3 пайыз менен берилет.

Долбоор аркылуу төмөнкүлөр колдоого алынат:

• үрөн чарба статусун алган жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өстүрүү менен алектенген үрөн чарбалары;
• мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн көчөтүн отургузуу жана сатуу менен алектенген питомник чарбалары.

Кредит берүүнүн шарттары:

• Пайыздык чен: 3 пайыз (НПЧ 3,04 пайыз)
• Мөөнөтү: 36 айга чейин
• Жеңилдетилген мезгил: 12 айга чейин
• Кредиттин суммасы:

300 000 сомго чейин - күрөөсүз;
300 000 сомдон 10 000 000 сомго чейин – күрөө коюлат.

"Элдик Банк" дыйкандар үчүн жеткиликтүү болгон жана натыйжалуу финансылык чечимдерди сунуштоо менен, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана айыл чарбасын өнүктүрүү багытын колдоо иштерин улантууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн Банктын жакынкы бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: