super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев автоунааларды эвакуация кылууну токтотууну талап кылды

 

Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тыюу салынган жерлерге токтотулган унааларды эвакуация кылууну токтотууну талап кылды.

Ал бул көйгөй менен көптөгөн жарандардан кайрылганын билдирди. Эл өкүлү жол коопсуздугу кызматкерлери унаалар тоскоол жаратып жаткан жерден эмес, өздөрүнө ыңгайлуу жерлерге барып жүктөп кетип жатканын жана ага чоң айып пул төлөнөрүн айтты.

"Эки чакырым жерден сүйрөтүп кетишет экен дагы, эвакуатор кызматы үчүн 2000 сомдон алышат экен. Бул тарифти ким койгон? Антимонополия бул маселени карашы керек. Ага кошумча айдоочулар айып пул да төлөшөт. Бул аз келгенсип сүйрөтүп бараткан учурда унаалар бузулуп жатканын да айдоочулар айтып нааразы болушууда. Андыктан эвакуацияны жокко чыгаруу керек", - деди Бекешев.

Эл өкүлү айдоочу унаа токтотууда эржени бузган учурда башкача чара көрүлүүсүн сунуштады.

"Андан көрө инспекторлор унааларга айып пул кагазын чаптап коюшсун. Айып пулдун көлөмүн 300 сом эмес, эки эсе 600 сомго көтөрөлү. Буга айдоочулар да макул болуп жатышат”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: