super.kg logo

Хаменеи учурдагы чыңалууга карата бир катар постторду жарыялады

 

Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи X социалдык тармагына бир катар постторун жарыялап, аймактагы чыңалууга комментарий берди.

Анын айтымында, АКШнын аймактагы окуяларга жообу анын өнөктөшү Израилдин алсыздыгын көрсөтүп турат.

"Сионисттик режимдин америкалык достору бул ишке киришип, мындай билдирүүлөрдү жасап жатканы бул режимдин алсыздыгынын жана кудурети жетпегендигинин белгиси",- деп жазды ал.

Хаменеи Иран элине кайрылып, бекем жана токтоо болуу зарылдыгын белгиледи.

"Душман сенин андан корккондугуңду сезсе, сени жалгыз калтырбайт. Ушул убакка чейин кылып жаткан кыймыл-аракеттерди мындан ары да күч менен уланта бер",- деп кошумчалаган ал.

Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Ирандын өзөктүк программасына каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Тегеран жооп чабуулун жасаган. Андан бери эки тараптуу чабуулдар дагы деле уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: