super.kg logo
  Саясат  

2013-жылы “Түндүкэлектр” ААКы электр энергиясынын төлөмдөрүнөн 4,2 миллиард сом чогултту

 
“Түндүкэлектр” ААКынын басма сөз кызматынын бүгүн, 14-январда берген маалыматына ылайык, 2013-жылы электр энергия үчүн чогултулган каражаттын көлөмү 4 миллиард 181 миллион сомду түзгөн. 
Бул коюлган төлөмдөрдүн 100,6 пайызга аткарылгандыгын түшүндүрөт. 2013-жылы аталган компаниянын товардык продукциясынын көлөмү 4 миллиард 156 миллион сом болгон. 2013-жылы калктан төлөм чогултуу толугу менен аткарылган жана алардын ичинен өнөр жай ишканаларынан – 99,1 пайыз, бюджеттик уюмдардан – 101,5 пайыз, айыл чарба мекемелеринен – 99,2 пайыз жана башка колдонуучулардан – 100,3 пайыз каражат чогултулган. 
Аймактар боюнча төлөмдөр: 
Бишкек - 100,6 пайыз; 
Чүй облусу – 100,8 пайыз; 
Талас облусу – 99,7 пайыз. 
Электр энергиядагы жоготуулар 2013-жылы 3,6 пайызга кыскарган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: