Нарын облусунун башчысы кызматынан бошотулуп, Токмокко мэр болду
Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы өкүлү кызматынан бошотулуп, Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация кабарлады.
Айта кетсек, 24-июнда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жыйын өткөрүп, жыйын учурунда шаар мэри Максат Нусубалиев кармалганы маалым болгон. Бүгүн Камчыбек Ташиев Нарында иш сапары менен жүрөт.
Фото: Интернеттен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

