super.kg logo

УКМК Ноокат райондук сотунун судьясына мыйзамсыз чечими үчүн кылмыш ишин козгоду

 

Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясына мыйзамсыз чыгарган чечими үчүн эки берене менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Судья Ноокатта 2,7 килограмм баңгизат менен кармалган шектүүнүн беренесин соттук чечим чыгарууда квалификациялаган. Айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) менен иш козголуп, кийин 283-беренеге (сатуу максаты жок баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) кайра өзгөртүлгөн.

"Кылмыш ишинде жетиштүү далилдерге карабастан судья атайылап сот актысын чыгарган жана соттолуучуга карата баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү менен пробациялык көзөмөл колдонгон. Ошол эле учурда айыпталуучу Н.И. качуу үчүн ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, мамлекеттик чек араны кесип өтүп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен",- деп айтылат маалыматта.

Бул фактыга таянып, 13-июнда Судьялар кеңеши райондук соттун судьясын жазага тартууга макулдук берген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 352-беренесинин 1-бөлүгү (атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу) боюнча айып тагылып, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин үй камагына чыгарылды.

Маалымат үчүн: Мыйзам боюнча 90 граммдан ашкан баңгизат өзгөчө ири өлчөмдө деп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: