super.kg logo

Кытайда өлүмгө алып келген 2 жаңы вирус табылды

 

Кытайдын Юньнань провинциясындагы эндемикалык ооруларды көзөмөлдөө институтунун окумуштуулары адамзат үчүн кооптуу болушу мүмкүн болгон эки вирусту аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул вирустар "Нипах" жана "Хендра" вирусуна генетикалык жактан жакын болуп, мээнин күчтүү сезгенишине жана дем алуу органдарында ооруларды пайда кылышы мүмкүн.

Төрт жылга созулган изилдөөнүн алкагында адистер Юньнань провинциясынын беш районундагы 10 түргө таандык 142 жарганаттын бөйрөк ткандарын изилдешкен. Жогорку тактыктагы ДНК секвенирлөө ыкмаларын колдонуу менен окумуштуулар жалпы 22 вирусту аныкташкан, анын 20сы мурда белгисиз болгон.

Алардын ичинен өзгөчө тынчсыздануу жараткан эки вирус Henipavirus тукумуна кирет. Дал ушул тукумга өлүмгө алып келген "Нипах" жана "Хендра" вирусу кирет. Бул жаңы вирустар жемиш менен азыктанган жарганаттардан табылган. Алар көбүнчө жемиш бакчаларына, адам жашаган жерлерге жакын аймактарда жашашат. Henipavirus тукумундагы вирустар жарганаттардын заарасы аркылуу жугушу мүмкүн болгондуктан, окумуштуулар вирус жуккан жемиштер аркылуу адамдарга өтүү коркунучу бар экенин эскертишет.

Мындан тышкары окумуштуулар Klossiella yunnanensis жана эки түрлүү бактерияны табышкан. Алардын бири мурда белгисиз болгон жана Flavobacterium yunnanensis деп аталат.

Изилдөөнүн авторлору бул иш биринчи жолу жарганаттардын бөйрөк тканында жаңы вирустардын толук геномдорун сүрөттөп бергенин белгилешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: