super.kg logo
  Саясат  

Президент мектептерде мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу боюнча мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров “Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам 30-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты балдарды мобилдүү түзүлүштɵрдүн терс таасиринен жана кибербуллинг тобокелдигинен коргоо болуп саналат.

Мыйзамдын милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр эсептелет:

окуу процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана коопсуз, этикалуу билим берүү чɵйрɵсүн түзүү;

– санариптик сабаттуулук жана мобилдүү түзүлүштɵр менен маалыматтык технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдалануу жɵндɵмдɵрүнɵ окутуу;

– жаңы кɵйгɵйлɵрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу ɵнүктүрүүгɵ жаш муунду даярдоо.

Мыйзамда жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу принциптери, билим берүү процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдалануу саясаты, билим берүү чөйрөсүндө кибербуллинге жана жол берилгис контентке каршы күрɵшүү боюнча чаралар, кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактыларын кароо үчүн жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигинен, мугалимдерден жана ата-энелерден турган курамында 5 адам болгон туруктуу комиссияны түзүү, ошондой эле аталган комиссиянын укуктары каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: