Куба президенти ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарлары үчүн аралда логистикалык борбор түзүүнү сунуштады
Кубанын президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудес Куба аралын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер үчүн Латин Америкага жана Кариб регионуна товарларды жеткирүүчү логистикалык борбор катары пайдаланууну сунуштады. Бул тууралуу ал Минск шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирди.
“Кубаны логистикалык жана инвестициялык борбор катары пайдалануу демилгеси сунушталууда. Аралдагы атайын экономикалык аймактын мүмкүнчүлүктөрүн жана географиялык артыкчылыктарын колдонуп, Кубаны евразиялык продукцияны Латин Америка жана Кариб өлкөлөрүнө кеңейтүү үчүн баштапкы пункт кылуу каралууда”, — деди Куба лидери.
Президент кошумчалагандай, бул борбор ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жүктөрдү кабыл алып, аларды Латин Америкага жана тескерисинче кайра таратуучу борбор болуп бере алат.
“Ошондой эле транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, биримдикке мүчө мамлекеттердин экспорттук потенциалын жогорулатууга салым кошобуз”, — деп белгиледи Диас-Канель.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Минск шаары ЕАЭБге төрагалык кылууда. Евразия экономикалык форуму 26–27-июнь күндөрү өтүп, ал Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына арналган.
