Israel Hayom: Трамп менен Нетаньяху Газадагы согушту эки жумада токтотууну чечишти
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу планын макулдашты. Бул тууралуу Israel Hayom жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, АКШ Ирандын өзөктүк объекттерине сокку ургандан кийин дароо Трамп менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Сүйлөшүү төрт тараптуу болгону белгиленет. Ага АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Израилдин стратегиялык иштер министри Рон Дермер да катышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар беш негизги пункттан турган мындан аркы аракеттердин планын макулдашышкан.
Газадагы согушту токтотуу.
Биринчи пункт Газа тилкесиндеги согушту эки жуманын ичинде токтотууну карайт. Мунун шарты анклавды төрт араб өлкөсүнүн, анын ичинде Египет менен Бириккен Араб Эмираттарынын көзөмөлүнө өткөрүү. Мындан тышкары, ХАМАСтын жетекчилигин үчүнчү өлкөлөргө чыгаруу жана барымтадагыларды бошотуу каралган.
Газа тилкесинин тургундары үчүн көчүү мүмкүнчүлүктөрү.
Израил менен АКШнын лидерлери бир нече өлкө Газа тилкесинин тургундарын кабыл алуу чечимине келишкенин белгилешти. Анклавдан кетүүнү каалагандар кабыл ала турган өлкөлөргө кете алышат.
Авраам келишимдерин кеңейтүү.
Планга ылайык, Авраам келишими Сирия жана Сауд Арабиясына жайылтылат. Алар Израилди таанып, аны менен расмий мамиле түзүшөт.
Маалым болгондой, Израил буга чейин Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Судан жана Марокко менен аталган келишимди түзгөн.
Палестина менен болгон чыр-чатакты жөнгө салуу.
Израил "эки мамлекет" концепциясынын алкагында палестиндер менен боло турган жаңжалды жөнгө салууга даярданууну убада кылган. Бирок Палестина бийлигинде реформалар болушун талап кылган.
АКШнын чечими.
Өз кезегинде Вашингтон Иудея жана Самария (Батыш жээк) райондорундагы конуштардын үстүнөн Израилдин белгилүү өлчөмдөгү эгемендүүлүгүн таанууга милдеттенет.
АКШ менен Израил азырынча бул боюнча расмий маалымат берише элек.
