BakAi тиркемесинен ОСАГО тариздеп, нак акчалай 30 пайыз кешбэк алыңыз!
2025-жылдын 26-июнунан 30-сентябрга чейин Bakai Bank’тын ар бир кардары BakAi тиркемесинен милдеттүү ОСАГО полисин тариздеп, 30 пайыз нак акчалай кешбэкке ээ боло алышат!
ОСАГО — бул автоунаа ээлеринин каржылык тобокелдиктер жана жол кырсыктары жаралган учурдагы жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Эгер сиз жол кырсыгынын себепкери болуп калсаңыз, камсыздандыруу компаниясы жабырлануучу тараптын чыгымын төлөп берет, тактап айтканда сиз чыгымды өз чөнтөгүңүздөн чыгарбайсыз.
2025-жылдан тарта полиси жок айдоочулар үчүн айып пул каралган. Ошондуктан ОСАГО полисин тариздөө — жоопкерчилик гана эмес, пайдалуу муктаждык болуп да саналат.
Акциянын шарттары:
- BakAi мобилдик банкы аркылуу ОСАГОну тариздөөдө, кардар полистин баасынан 30 пайыз кешбэкке ээ болот;
- Кешбэк сиздин эсебиңизге реалдуу акча менен (бонус эмес) дароо келип түшөт;
- Акциянын алкагында полис тариздеген бардык колдонуучулар катышуучу боло алышат;
- Сунуш Bakai Insurance өнөктөшүнөн таризделген полистер үчүн жеткиликтүү.
ОСАГОну кантип тариздейсиз:
- BakAi мобилдик банкын ачасыз
- "Сервистер" бөлүмүн ачып, → "Камсыздоо" бөлүмүнө өтөсүз
- Жеке мүнөздөгү маалыматтарыңызды иштетүүгө макулдугуңузду бергенден кийин андан ары өтүңүз
- "Жаңы ОСАГО ачуу" баскычын басыңыз
- Киргизилген маалыматтарды текшерип, боштуктарды толтургандан кийин мөөнөтүн көрсөтүңүз
- Төлөмдү тастыктаңыз — даяр!
Кешбэк сиз полис үчүн төлөм жүргүзгөн соң, негизги эсебиңизге дароо келип түшөт.
