super.kg logo

Трамп Кытай менен соода келишими түзүлгөнүн айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Кошмо штаттар 25-июнда Кытай менен соода келишимине кол койгонун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бирок Трамп келишим тууралуу толук маалымат берген эмес.

Ак үй башчысы кийинки келишим түзө турган өлкө Индия болушу мүмкүн экенин белгиледи. Трамп ошондой эле Вашингтон бардыгы менен келишим түзбөй турганын эскерткен.

Эске салсак, июнь айынын башында АКШ менен Кытай Лондондо соода сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасын өткөрүштү. Талкуулардын жыйынтыгында АКШнын соода министри Ховард Лутник тараптар өткөн айда Женевада түзүлгөн соода келишимин ишке ашыруу боюнча макулдашышканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: